№18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 129 миң сомдук тендерди 5 айдан бери өткөрө албай жатат

"№18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бейтаптарды кабыл алууда эң зарыл болгон медициналык каражатты сатып алууга тендер 5 айдан бери өтпөй жатат", - деди бүгүн, 4-майда борбордун дарыгери Гүлмира Азимкулова SUPER.KG порталына.

Анын айтымында, бинт, спирт, вата сыяктуу негизги каражаттардын жоктугунан улам бейтаптарды жетиштүү деңгээлде тейлөөдө кыйынчылыктар жаралууда.

"Мурда бул каражаттар менен борбор камсыздап турчу. Акыркы 5 айдан бери медициналык керектүү каражаттардын жоктугунан кыйналып жатабыз. Кээде өтө зарыл болгондо өзүбүз сатып алууга туура келет", - дейт Азимкулова.

Аталган борбордун жамааты буга чейин борбордогу бир катар коррупциялык иштер жөнүндө маалымат беришкен эле. Алар белгилегендей, керектүү каражаттардын жетишсиздигинен улам дарт аныктоо үчүн келген бейтаптарды жеке менчик лабораторияларга жөнөтүүгө мажбур болушат.

"Биздин жетекчилик менен жеке менчик лабораториялар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишет. Биз иштеген борбордо дарт аныктоо тутуму толук эмес, 2 гана нерсеге анализ ала алабыз. Медициналык жабдык, каражаттын жоктугунан бейтаптарды жеке менчик лабораторияга жөнөтөбүз", - деди борбордун жамааттык кошуунунун башчысы Минара Кулматова.

"Биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборубуз чакан болгондуктан, тендердин суммасы 129 миң сом. Бул каражатка биз 6 айга жетчү каражаттарды сатып алышыбыз керек. Тендер жарыялап өткөрдүк, анда кол кап, спирт жана зелёнка гана чыкты. Мындан улам биз бардык каражаттардын топтомун толук алыш үчүн аны жокко чыгарып, кошумча 50 миң сом таап, 179 миң сомго кайрадан тендер өткөрүп жатабыз", - деди башкы дарыгер Жамиля Бейшенбекова.

Эске салсак, буга чейин аталган борбордун башкы бухгалтери 9 миллион сомду өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алгандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dinakg
2017-05-04 17:42:55
Башкы дарыгери жакшы иштебейби же кандай 5 айдан бери биздин участковый педиятрыбыз жок.Ар педиятрга корсотуп тажап кеттик.Экспресс лабаратория менен иштешишет акчаны частный толойсун,лабаранттары корс бекер тейлеп жаткандай жиндери келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан