Карамушкина: “Окумуштуулар илимдер академиясынын жетекчиси мүчө-корреспондент болуп калат деп чочулап жатышат”

Окумуштуулар Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси академик эмес, мүчө-корреспондент болуп калышынан чочулап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымында, академик жакшы менеджер болот деген кепилдик жок. Ал ким келсе да кесипкөйлүгү менен Кыргыз мамлекетинин илимин көтөрө алышы керек. Депутат академиктер мүчө-корреспондентке баш ийбейт деген коркунуч бар экенин белгиледи.

Ал эми "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов Улуттук илимдер академиясын академик башкарыш керек деген пикирин билдирди.

Жогорку Кеңеште “Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Анда УИАнын президенти 70 жаш курактан жогору эмес анык мүчөлөрдүн жана корреспондент-мүчөлөрдүн арасынан жашыруун добуш берүү менен, 4 жылдык мөөнөткө атаандаштык негизде шайлануусу сунушталууда. Талапкер премьер-министр тарабынан бекитилет жана бошотулат.

Академик Абдылдажан Акматалиев айрым көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечилүүсүн кааласак, президенттикке академик шайланышы керектигин, эгерде президенттикке мүчө корреспонденттер шайланып калса, бир топ тоскоолдуктарга кабылып, маселенин чечилиши кыйындай турганын кошумчалады.

Академиянын башкы окумуштуу катчысы Чолпонкул Арабаев жаш жетекчи келип баарын жасап жетишпей турганын айтты. Арабаев жаш өткөн сайын акыл толо турганын билдирип, 70 жашка толгон адамды ишке тартпай койгон туура эмес экенин белгиледи.

Мыйзам долбоору депутаттардан кошумча сунуштар келип түшкөндүктөн, тармактык комитеттин кароосуна экинчи окуу жүрүшүндө кайра кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан