Тажикстанда 20 журналист чет мамлекеттен баш калка сурап, өлкөдөн чыгып кеткен

Тажикстанда 20 журналист чет мамлекеттен баш калка сурап, өлкө аймагынан чыгып кетишкен. Ага бийлик тараптан басым дагы себеп болгон. Мындай маалымат ММКлар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде келип чыккан. Бул тууралуу Тажикстандагы аял журналисттер коалициясынын башчысы Мухайё Нозимова 3-майда сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата өткөн жыйында билдиргенин Озоди радиосу жазды.

"Биз чет өлкөдө жашаган бир катар кесиптештерибиз менен сүйлөшүп, Тажикстандан башка жакка кетишине эмне себеп болгонун сурадык. Алар бийликтин басымы, сөз эркиндигинин жоктугу, ММК ээлеринин журналисттерге колдоо көрсөтпөгөндүгү, масс-медиянын өкүлдөрүн коргоочу бирдиктүү институттун жоктугу жана айлык маянанын аздыгы сыяктуу себептерди айтышты", - дейт Нозимова.

Мухайё Нозимованын билдирүүсү катышуучулар арасында ар кандай пикирди жараткан. Айрымдары айтылган маалыматтар чындыкка дал келбесин билдиришип, журналисттер жакшы жашоону көздөп өлкөдөн чыгып кетишкенин айтышкан.

Чет өлкөдөн баш калка сураган тажик журналисттери тууралуу биринчи жолу өткөн жылы сөз болгон. Анда онго жакын журналист деп айтылган. Алардын аттары буга чейин аталбай келген. Мухайё Нозимова сурамжылоого катышкан 2 журналист Фарангис Набиева менен Хумайро Бахтиёр учурдагы абалын ачык айтууга макул болгонун кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан