Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагындагы 70тен ашык медицина кызматкерлери айлык ала албай жатышат

Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймактык жалпы дарыгерлик практикалык борборунун бухгалтери кызматкерлердин айлык акысын бербей жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 4-апрелде аталган борбордун акушери Нургүл Сурбашева SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жамаат менен башкы бухгалтердин ортосунда пикир келишпестиктер болуп келген.

"Ооруканадагы иш алдыга жылбай калды, имаратты оңдоо иштери да жүрбөй жаткандыктан эмгек жамаат менен башкы бухгалтер Гүлзат Касымалиеванын ортосунда келишпестиктер болуп келген. Араздашуудан улам финансылык полициядан текшерүү келди. Бирок башкы бухгалтер алар сураган документтерди толук көрсөтпөй жатты. Андан соң дароо жумуштан кетүү тууралуу арызын жазып, кетип калды. Бирок бизге айлык которо элек болчу. Биздин борборго башка айылдардагы 3 ФАП карайт, жалпы 70тен ашык кызматкерлер айлыксыз калып жатабыз. Эртең майрам, андан кийин дем алыш күндөрү болуп калат экен. Акчага зарыккандар үчүн бир күн да маанилүү, мен өзүм деле балдарыма керектөөлөрүн ала албай жатам. Жетекчибиз бухгалтерге телефон чалса "Бишкекте жүрөм, ооруп жатам" дептир", - дейт Сурбашева.

Ал белгилегендей, аталган борбордун 35 кызматкери кол коюп, бул боюнча Токтогул райондук прокуратурасына арыз беришкен. Прокуратура ишти карап чыгууну убадалаган.

Биз бухгалтер Гүлзат Касымалиевага байланышып, жооп ала алган жокпуз. Бирок экинчи тараптын пикирин угууга даярбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Barchynbek
2017-05-05 04:55:44
Аа ошондой менин аяшым акылай Орусияга дайрданып калган экен.Уч-Теректиктерге салам айткыла менден.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан