Парламентте бүгүн, 4-майда “Баатыр эне” наамы бар аскер кызматындагы энелердин пенсиясына 1000 сом кошуп берүү мыйзамы жактырылды.
Кечээ, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралган. Мыйзам долбоордо “Баатыр эне” наамы менен сыйланган энелер үчүн пенсияга эсептешүү көрсөткүчүнүн 1000 сом кошуп берүү каралган. Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен аталгандай наамы бар энелер үчүн пенсия менен камсыз кылуу маселеси “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынат. Бирок мындай кошумча төлөө каралган эмес.
Демилгечи депутаттар Аида Исмаилова, Гүлшат Асылбаева, Жаныбек Бакчиев, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Альфия Самигуллина, Евгения Строкова, Бакирдин Субанбеков, Рада Түмөнбаева.