Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Өлкөдө морфин боюнча жетишсиздик жок"

Бүгүн, 4-майда өлкөдө морфин дарысы жетишсиз болуп, онкологиялык ооруларга чалдыккандар кыйналып жатышканы айтылган. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги 2015-2016-жылдары морфиндин импорту белгиленген квотанын 31 пайыздайын түзгөнүн билдирди.

"Белгилей кетсек, өлкөдө өткөн жылдары баңгизат каражаттары боюнча жетишсиздик болгон эмес. 2017-жылы импорт белгиленген квотанын 5,34 пайызын түздү. Бул көлөмдөгү морфин өлкөнүн рыногун 2 айга камсыздай алат. Мындан сырткары, бүгүнкү күндө импорттоочу фирмалардын кампасындагы морфин калдыктары квотанын 14,1 пайызын түзөт. Алар дагы 5 айга жетет", - деп жазылат маалыматта.

Учурдагы баңгизат жана психотроптук дары-дармектерди көзөмөлдөөчү системге байланыштуу аларды дарыканалар аркылуу сатууга 2 гана фармацевттик компаниянын укугу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан