Мурат Жуматаев Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев кызматтан кеткенден кийин анын орду бош турган. Президенттин милдетин аткаруу эч кимге жүктөлгөн эмес эле. Бүгүн, 4-майда Мурат Жуматаев Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, Улуттук илимдер академиясынын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, өкмөт башчы шайлоо өткөнгө чейин президентинин милдетин аткаруучуну дайындайт. Мындан сырткары Улуттук илимдер академиясынын президиумдун башкы илимий катчысы жана президиумдун мүчөлөрү, Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынында академиктер жана мүчө-корреспонденттердин арасынан шайланары белгилүү болду. Жалпы жыйындын чечими Өкмөт тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.

2017-жылдын 6-апрелинде Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ал акыркы 5 жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап келген. Алдыда Эркебаевдин кызматтык мөөнөтү бүтөрүнө дагы бир жыл убакыт бар эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан