"Медиа-портал" бөлүмүндөгү эски сүйүүнү эске салган, колдонуучулардын купулуна толгон клип - обончу, ырчы Түмөнбай Колдошовдун "Жалбырагым" ырынын клиби. Клиптин сюжетинде ырчынын "Коштошуу" ырындагы окуянын уландысы көрсөтүлөт. Түмөнбай Колдошов клиптин сюжети, мааниси тууралуу буларга токтолду:
"Үй-бүлөдө анча-мынча түшүнбөстүктөр болуп, кээде адамга эски сүйүү жолугуп турат. Андыктан клипте эски сүйүүгө кезигип калсаӊар да, үй-бүлөнү тандагыла деген ой айтылат. Анткени үй-бүлө ыйык болот.
Сюжетин көп талкууладык, акыры "Коштошуу" ырынын клибиндеги окуянын уландысын тартууга токтолдук. Эми дагы ушундай ыр жазып калсам, 3-сериясын тартабыз. Ошто тартылды, тартуу процессине бир жума убакыт кетти", - дейт ырчы.
Түмөнбай Колдошовдун "Жалбырагым" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.