Орусиянын "Мешок" интернет-аукционунда эстелик үчүн жасалган айрым Кыргыз банкноттору кымбат бааланууда.
Учурда эстелик үчүн чыгарылган 100 жана 200 сомдук банкноттор 2500 рублга бааланган.
Кыргыз Улуттук банкынын маалыматына таянсак, алар 2014-жылы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналып эстелик үчүн чыгарылган. 100 сомдук банкнотто “Токтогулга 150 жыл”, 200 сомдукта “Алыкулга 100 жыл” деген жазуулары бар. Эки банкнот тең 3 миң тираждан чыгарылган. Аларды расмий түрдө Кыргыздын аймагында төлөм катары пайдаланса болот.