Бүгүн, 4-майда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова Бишкектеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн болгон стационардык мекемеге барды. Ал жерде турган согуштун ардагерлерине жолугуп, аларды 9-Май - Жеңиш күнү менен куттуктап, белектерди тапшырды. Андан соң министр ошол жердеги башка карылардын абалы менен таанышып чыкты.
Аталган мекемеде азыр согуштун алты ардагери турат. Алар: Михаил Книжников (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу), Валентина Рытьева, Валентина Проскурная (ардагердин жесирлери), Антонина Назарова, Нина Сыскова, Анна Крамерова (тылда эмгек кылгандар).