Бишкектик 9-класстын окуучусу мас-рестлинг боюнча дүйнөлүк чемпионатында алтын медалга ээ болду

Бишкек шаарыбыздагы Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну №77-орто мектебинин 9-классынын окуучусу Мунара Рахатбек кызы 27-апрелден 1-майга чейинки аралыкта Алматы шаарында жеткинчектер арасында болуп өткөн мас-рестлинг боюнча дүйнөлүк чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
"Ага район башчысы 20 миң сом өлчөмүндөгү сертификат тапшырды. Мунара Рахатбек кызы спорттун бул түрү менен 2015-жылдан бери машыгып келет. Ал буга чейин 2013-2014-жылы шаардык спартакиадада жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында 1-орунду багындырган", - деп жазылат маалыматта.
Дүйнөлүк чемпионатка 12 мамлекеттен 300 спортчу катышса, алардын 41и Кыргыз спортчулары болушканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Boldukan86
2017-05-04 18:35:59
азаматсын!!! алдында дагы коп коп ийгиликтер коштосун. кыргыздын сыймыгы болуп журобер.
+1
Kroxa
2017-05-04 21:31:36
Молодец..алтын медаль кут болсун..Кыргыздын сыймыктанчу кыздардан бол..
+1
ayjan_90
2017-05-05 01:57:42
Мас рестлинг кандай спорт туру билгендер жазып койгулачы
+1
nelya88
2017-05-05 08:14:21
ayjan_90, кол курөш
-1
kechirmeni
2017-05-05 08:56:45
nelya88,кол курошту arm restling дейт. Мас рестлинг дегени кочмондор оюнундагы 2 адам бутуна бутун тийгизип отуруп алып таяк тартышкан спорттун туру
-1
Aima94
2017-05-05 11:30:07
Мен окуган мектеп) Азаматсын! Ийгилик сага!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан