Кыргыз өлкөсү БУУга карыз болбогон 39 мамлекеттин катарына кирди

Кыргыз өлкөсү Бириккен Улуттар Уюмуна карызы жок 39 мамлекеттин катарына кирди. Мындай маалыматты бүгүн, 4-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматта жазылгандай, кечээ, 3-майда БУУнун штаб-квартирасында Башкы Ассамблеясынын отуруму өткөн. Анда БУУнун башкы катчысынын менеджмент маселелери боюнча орун басары Юкио Такасу карызы жок 39 өлкөгө ыраазычылык билдирген.

"БУУнун бюджетине төлөмдөрүн мөөнөтүнөн кечиктирбей, толугу менен төлөгөн өлкөлөрдүн катарына Кыргыз мамлекети биринчи жолу кирип жатат. 2016-жылдын октябрь айында Кыргыз өлкөсү БУУнун бюджетине карыздарын толугу менен төлөгөн. Кыргыз мамлекети менен катар бул тизмеде Австралия, Канада, Кытай, Дания, Финляндия, Германия, Индия, Италия, Япония, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Сингапур, Испания, Швеция жана Швейцария бар", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
imanchik
2017-05-04 20:58:56
БУУнан башка баарына карыз))
+27
Riokyrgyz
2017-05-04 22:23:38
imanchik,Россиядан алып БУУга берип,Германиядан алып Россияга берип,Казакстандан алып Германияга берип эч болбой калганда бир нерсени сатып жиберип эптеп чаташтырып жатышат.Келечекте бизге эле кыйын болот го,барын ордуна келтируубуз оор болур калат.
+15
dosym
2017-05-04 21:29:02
БУУ га карызыбыз жок
0
bond0202
2017-05-04 21:29:59
БУУ карыз бербей койсо керек да
+5
scorp
2017-05-04 22:23:34
Кудайга шугур.
+9
uli96
2017-05-04 22:46:29
Мугалим менен врачтардын айлыгын которгонго акча жок дешет а бууга болсо табыла калат имиш
-5
Kroxa
2017-05-04 22:56:37
Орусия 270 миллионду кечип атса тодошсун Бууга да карыз болбой башка карыз Акаев Бакиевдин карыздарынан берки карыз 4 миллиарддан ашат экен аны кантип толошот???
+2
BekAmir
2017-05-05 00:27:49
Зато биз индеецтергеда карызбыз
+1
OMURBEK.
2017-05-05 02:33:47
иий кок уйдогулор керсейиип отуруп калат екенда

даагы коментарини аччык кылып койуптурсуздарго саясаттын теемалары жабык болчеле
карыз экен деген теема болсо жабык болсо керек эле
+5
adi.ali94
2017-05-05 09:43:24
Россия дагы жөн жай эле кечкен эместир карызын,ордуна дагы эмнени убада кылышты экен
+1
Muzik
2017-05-05 09:46:54
Бакиевдин учурунда бир жарым миллиардка тушкон карызыбыз,азыр беш миллиард.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан