Бириккен Араб Эмираттары өз жээгине Антарктидадан айсбергдерди алып келүүнү пландоодо. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Аларды туристтердин көңүлүн бурдуруу жана чөлдү сугаруу максатында алыскы континенттен кеменин жардамы менен сүйрөп келишери жазылган.
Бул идеяны National Advisory Bureau Limited компаниясынын адистери ишке ашырууну каалап жатышат. Айсбергдер өлкөнүн климатын жакшыртып, таза суунун булагы боло алышат. Ал компания ири долбоордун үстүндө иштөөдө. Долбоорго ылайык, Бириккен Араб Эмираттарында келечекте дарыялар жана бакчалар пайда болот.