ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: 362 жыл мурун фортепианону ойлоп тапкан италиялык музыкант Бартоломео Кристофори төрөлгөн

Фортепианону ойлоп тапкан италиялык музыкант Бартоломео Кристофори 362 жыл мурун 1655-жылы 4-майда Венециядагы Падуя шаарында туулган. 1960-жылга чейин Падуя шаарында эмгектенген.

Кийин Флоренция шаарында ханзаада Фердинандо Медичинин сарайында иштеп калган. 1716-жылдан тартып герцог Козимо III Медичинин музыкалык инструменттер коллекциясын сактап, аларга кам көрүп келген. 1709-1711-жылдары акырын жана катуу дабыштарды чыгара алчу урма музыкалык аспапты ойлоп таап аны "gravicembalo col piano e forte" деп атаган.

Немис устасы Иоган Зилберман 1726-жылы Кристоферинин фортепиано механикасын өркүндөтүп чыккан. Ал 1731-жылы 27-январда 75 жашында Флоренцияда көз жумган.

4-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан