9-майда Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынан 1993-жылы туулган Санжар А. аттуу жарандын денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматкери Жылдызбек Аттокуров билдирди. Айтылгандай, окуя болгон жерге Ноокен РИИБинин кызматкерлери барышып, көп узатпай мурда соттолгон ушул эле шаардын 1967-жылы туулган С.Н. аттуу тургунун колго түшүрүштү. Шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, шектүү адам менен каза болгон жарандын ортосунан талаш-тартыш чыккан.