Сүрөт тарткан күлүк аттын чыгармалары 500 долларга чейин сатылат

Пенсильвания штатындагы Метро аттуу күлүк ат 2009-жылы бутунан жаракат алып, өзүнүн милдетин мурдагыдай аткара албай калган. The Independent басылмасынын маалыматына ылайык, бактыга жараша, аны сүрөтчү Рон Краевски байкап калып, сатып алган. Көрсө, Метро сүрөтчү сүрөт тартып жаткан процесске өзгөчө көңүл буруп жатканын Рон Краевски байкап калып, ага сүрөт тартууну үйрөтсө болорун түшүнгөн.

Атка таттуулардан берип, кызыктырып, көптөгөн машыгуулардан кийин, сүрөтчү Метрого кисть менен боёкторду сунуштаган. Ошондон бери Метро сүрөт тартып калган. Ал тарткан сүрөттөр ушунчалык ийгиликтүү болгондуктан, Рон Краевски бүгүнкү күнгө чейин жүздөгөн сүрөттөрүн сатканы жазылат.

"Метронун сүрөттөрү адамдардыкындай эмес, анткени ал жыйынтыгында эмне болорун билбейт, ал жөн гана тарта берет", - деген Краевский.

Метронун сүрөттөрү 500 долларга чейин сатылат, андан түшкөн каражат анын бутун айыктырууга жумшалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kroxa
2017-05-05 08:05:10
Кызык го..
+7
Jangazy
2017-05-05 08:16:37
Kroxa,минус басылып кетти
+2
fromkg94
2017-05-05 08:17:42
Соонунго ат сурот тартып атса. Мага жакты аябай :-)
+3
fromkg94
2017-05-05 08:18:15
Укмуш экен
+1
Husan
2017-05-05 09:45:22
Ат молодец ошентип сурот тартып тыйын топур кылып озуно кышка жем алат)))))
+5
elizaisa
2017-05-05 09:49:48
Бизде да ушундай аттар кобойсун )
+2
nargis
2017-05-05 10:08:17
Укмуш экен, уйроткон кишиге рахмат.
+3
Seryi-Kardinal
2017-05-05 11:10:00
ХХХ алдап акча жасап атыптыр да ээси
-1
admin_portal
2017-05-05 11:24:33
Seryi-Kardinal, этика нормаларын сактаңыз.Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан