Сүрөткө жылаңач түшкөн саякатчы кыз маори элинин кыжырын келтирди

Playboy'дун модели, саякатчы Жейлин Кук Жаңы Зеландиядагы Таранака тоосунун чокусунда сүрөткө жылаңач түшүп, жергиликтүү элдин кыжырына тийди. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды.

Ал чоку жергиликтүү маори элинин ыйык жери. Модель сүрөттү өзүнүн Инстаграм баракчасына илип, бул чокуга чыгуу ал үчүн анын жашоосундагы эң кыйын сыноо болгонун жазган. Сүрөт жаңы зеландиялыктардын арасында чуу жаратканын жазат басылма.

"Бул тоонун тарыхы биздин эсибизде, биз ага сый менен мамиле кылганбыз. Жылаңачтануу кемсинтүү, мазактоо эмес. Ал табигый жана таза нерсе, ал эркиндик, укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү", - деген Кук бул абал тууралуу.

Маори уруусунун өкүлү Денис Нгаухар жанар тоо уруунун ата-бабасы катары эсептелерин белгилейт.

"Мен билем менин байкелерим, туугандарымдын арасында бул сүрөттөн маанайы бузула тургандар бар. Алар үчүн бул көрүнүш тоону сыйлабастык", - деген өкүл.

Белгилей кетсек, учурда саякатчылардын арасында атактуу жерлердин фонунда жылаңач арты менен сүрөткө түшүү акциясы кеңири жайылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ilgizk
2017-05-05 08:36:23
ошол жерде кумарга батышып анан сүрөткө түшүп койду да
+5
Seryi-Kardinal
2017-05-05 09:48:14
ilgizk,жоок сүрөткө түшүп, анан кумарга батышыптыр
+2
datkayimjan
2017-05-05 15:57:13
Seryi-Kardinal,коргондой суйлойсунор го
0
ekaterinburg
2017-05-05 08:44:34
Акча,бизнес деп эле жергиликтуу элдин каада-салт,урп-адаттарына тукуруп коюптур да бул кыз.Ошентип акча таппай эле койбойбу дейм да!
+3
raykray
2017-05-05 09:53:10
Бизден бироо бар корбосо экен Кокуй
+14
love_you
2017-05-05 10:05:56
raykray,биздин эрке кызыбызбы))) ооба ал корбосун. биздин тоолорубуздун чокусунан жыпжыланач бп алып салам айтып журбосун)))) тоолтура философиялык создору мн
+22
mir777
2017-05-05 10:14:16
love_you,кииим???? ааа даааа)))))) "силер бул жерди уят жер деп ойлосонор, ал озунордун денгээлинер" дейт да))
+11
eldar96
2017-05-05 11:44:10
love_you,
Ха ха ха ха
+2
Satana
2017-05-05 16:48:43
love_you,
ии кокуй тиги алия шагиева корбосун десен, ал коруп калса тонкоюп же гинекологический столдо жаткандай тушмокмун деп атасын кыйнап ээсин оодарбасын
+1
nargis
2017-05-05 10:03:00
Кайсыл улут болбосун, кайсы дин болбосун жыланач журуу бул жат корунуш, учурда жыланач моделдер, саякатчылар, сойкулар булар пенделердин козуно корунуучу шайдандар десек болот, себеби бирин азгырат, бирин коркутат. Жараткан коргон коздорду да, уккан кулактарды да кечире кор.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан