Алай районунда 45000 метр куб жер көчкү түштү, каза болгондор жок

9-майда Ош облусунун Алай районуна караштуу Сары-Күл айылында көлөмү 45000 метр куб жер көчкү түштү. Бүгүнкү күндө үйлөрү көчкү түшкөн жерге жакын жайгашкан жашоочуларды коопсуз аймакка көчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул аймакта жашаган адамдарды башка жерге көчүрүү тууралуу ӨКМнын мониторинг департаментинин адистери тарабынан 2004-жылы тиешелүү кызматтарга корутунду чыгарылган, бирок бүгүнкү күнгө чейин бул иш аткарылган эмес. Кырсыктан каза болгон адамдар жок.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurik9090
2013-05-11 08:27:31
Сары-Кул кайсы жеринде Алайдын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан