Японияда жол киреси дүйнөдө эң кымбат поезд ишке кирди

Японияда жол киреси дүйнөдө эң кымбат Suite Shiki-Shima поезди алгачкы рейсине чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Жол киренин баасы 3 миң доллардан 10 миң долларга чейин турат.

Поезд Токиодон Хоккайдо аралына бет алган. Анын алгачкы рейсине түшүүнү каалагандардын саны арбын болуп, билеттер лотерея менен сатылды. Бир билетке 76 адам талапкер болгону жазылат маалыматтарда.

Suite Shiki-Shima поездинде ванна бөлмөлөрү жана каминдер орнотулган. Анда 5 вагон стандарттарга ылайык, бирөө люкс классында. Дал ушул жактан кардарлар кипаристен жасалган ванналарды колдоно алышат.

Ошондой эле поездде ресторан жана лаунж-аймагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aipo89
2017-05-05 10:33:04
Биз да ушундай нерселерге жетишейли...
+13
kechirmeni
2017-05-05 10:35:57
Бир тушкондон коро бир машина сатып алган жакшы го. Мин уккандан бир коргон деп тушушот да акчасы коптор.
+6
Sagyn.91
2017-05-05 10:44:17
Е мае, онугуу деп ушуну айтса болот. Кун сайын дуйнону тан калтыруу мн онугуу жолун уланту
+7
Adil706070
2017-05-05 10:53:43
Мындай поездти койуп,жолду жакшынакай кылып ондоп койушсунчу шаар ичиндеги кочолордун.
+9
mikoo
2017-05-05 11:01:58
Шикарный го ичи.
0
baisogur
2017-05-05 11:02:48
Кудай буйруса биздин мамлекет дагы өнүгөт буйруса пейилибизди оңдойлу жакшы тилек кылалы саясаттын кашасы чыгып эл миңге бөлүнүп кетти төө десең бээ деп бир ойду бир жерден таптай бириге албай тантырап жүргөнчө саясат деп сасыганча ушүндай пайдалуу иш кылалы деп ниет кылайлы туугандарым.
+7
RusMos76
2017-05-05 11:07:29
Москва- Бишкек каттап калса 3000-10000 рубль болсо жыргап калмакпыз
+5
admin_portal
2017-05-05 11:23:43
nurbekasr, kechirmeni, zahira, темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Ronaldo.99
2017-05-05 11:45:51
Козунду уялтат го
+1
aerforce
2017-05-05 11:50:02
Бишкектен баардык областын райондору жеткидей поезд жол курулуп ичи ушундай болсо чиркин
+7
love.me.again
2017-05-05 16:04:54
Ьизге дагы насип кылып буйруса. Бирок япондор кандай таза калк. Бизде болсо тукуруп семичке чагып анан кетишет
+4
medya123
2017-05-06 17:19:42
Ушул поездди уйго алып алсан, даяр участоко каалагандай коюп.
0
KIRA.
2017-05-09 17:58:52
Япониянын онуугусунун сыры эмнеде?Албетте элинде да.Негизи олконун онугушундо бийликке караганда, элдин ролу абдан чон жана маанилуу.Япондор ото эмгекчил, сылык, маданияттуу, билимду келет...
0
Camry
2017-05-10 14:57:22
Озгочолук менен клиент тартпаса болбой
0
Camry
2017-05-10 14:58:39
Калган азыркы заманда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан