АКШнын президенти Дональд Трамптын "Диндин жана сөз эркиндигин жогорулатууга" багытталган жарлыкка кол койгондугун чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматта белгиленгендей, Трамп бул жарлыкка кол коюп жатып, "Бул жарлык Америкадагы динди жана сөз эркиндигин коргойт. Биздин администрация АКШдагы диний эркиндикти коргогон тарыхый кадамдарды жасоо менен үлгү боло алат. Биз эч качан диний кодулоону колдобойбуз", - деп айткан.
Трамп кол койгон бул жарлык "Жонсондун оңдоолору" деп аталган чечимди жокко чыгарды. 1954-жылы АКШнын президенти Линдон Жонсон чиркөөлөргө жана диний топторго саясий талапкерлерди колдоого тыюу салган.