Казакстанда 48 жаштагы жаран 6 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен кармалды

Казакстандын Астана шаарынын четинде 48 жаштагы жаран 6 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Маалыматка караганда, шектүү өспүрүм кызды чөптүн арасына, бадалдын түбүнө алып барып чечинтүүгө үлгүргөн. Кыздын бактысына жараша бул убакта жолдон өтүп бара жаткан куруучулар анын кара ниетин байкап калышкан.

6 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаранды кармаган куруучу Аскар Кажигумаровдун айтымында, шектүү ошол учурда мас абалда болгон.

"Мен андан эмне үчүн бул кадамга барганын сурадым. Көрсө, бул жаран кыздын ата-энеси менен жакын тааныштардан экен. Чогуу ичимдик ичип мас болушуптур, андан кийин өспүрүмгө балмуздак алып берүү үчүн көчөгө ээрчитип чыккан. Жолдон жаман ой келип, аны чөптүн арасынан ишке ашыруу үчүн кызды ээрчитип келген", - дейт Аскар Кажигумаров.

Видеодо куруучулар кармалган жаранды ачууланып тилдеп, уруп да жатышат. Алар полиция чакырып шектүүнү өткөрүп беришкен. Астана шаардык ички иштер департаментинин маалымат катчысынын айтымында, кармалган жаран буга чейин да соттолгон, азыр ал убактылуу кармоочу жайда.

Видео социалдык тармактарга тарап, айрымдар куруучулардын аракеттерине баа берүүдө. "Алар ачуу үстүндө педофилди сабагандыгы үчүн жоопко тартылышат" деген пикирлер да айтылууда.

Бачабаз 6 жаштагы кызды зордуктоо аракетин көргөн (нерви жукаларга сунушталбайт)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Makain
2017-05-05 11:40:02
Атып салыш керек
+9
Izdeim_seni.
2017-05-05 11:49:57
Кыргыз эмес бекен
-22
nemo2016
2017-05-05 11:54:19
Izdeim_seni.,жаман куйдурдунор бир нерсе болсо кыргыз эмес бекен деп
+12
Satana
2017-05-05 16:03:39
Пиип дебейтко согунуп аткан жерден
0
chyrok
2017-05-05 12:10:09
Эркелетип бетинен сылап коюшкан го
0
admin_portal
2017-05-05 12:22:02
nemo2016, kamchatka, жеке айтышууларга тыюу салынган, ал үчүн купуя кат бар.
0
ermak
2017-05-05 13:29:50
Арак ичпей уу ичип калгыр. Турмодо чирисен экен.
0
anar8672
2017-05-05 13:31:00
Бул да аздык кылат
0
souza.j
2017-05-05 14:09:29
Мындайды зонада тарбиялайт.
+2
Boldukan86
2017-05-05 14:30:25
ХХХ ХХХ эле керек
0
admin_portal
2017-05-05 14:32:14
Boldukan86, этика нормаларын сактаңыз.
-1
Gulnur1980
2017-05-05 23:22:13
Ырасссс эле кылышыптыр токмоктоп,бул да аздык кылат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан