Конституциялык палата "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын эки беренесин Конституцияга каршы келет деп таануу өтүнүчүн карайт

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова жана журналист Нарын Айып бир ай мурун Конституциялык палатага кайрылышкан.

Конституциялык палатага берилген өтүнүч катта "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын биринчи жана төртүнчү беренелерин Конституцияга каршы келет деп таануу каралган.

Клара Сооронкулованын айтымында, 150 жаран алардын өтүнүчүн колдошкон. Алардын катарында жарандык активисттер, коомдук ишмерлер, журналисттер бар.

“Президенттин иштмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу мыйзамдын биринчи жана 4-беренеси Конституциянын бир топ жоболоруна каршы келет. 4-берене боюнча Башкы прокурорго президенттин ар-намысын коргоо боюнча милдет жүктөлгөн. Бирок бул мыйзам президенттик мамлекет болуп турганда, 2003-жылкы Баш мыйзамга ылайыкташтырылып кабыл алынган. Бүгүнкү күндө мыйзам Конституцияга карама-каршы келип калды. Себеби президенттик мамлекет эмес парламенттик мамлекет болдук. Баш мыйзамдын 104-беренесинде прокуратуранын бардык ыйгарым укуктары толугу менен көрсөтүлгөн. Ал жерде президенттин ар-намысын коргоо боюнча эч кандай жобо жок. Конституциялык палата биздин өтүнүч боюнча "өндүрүшкө кабыл алуу" аныктамасын чыгарды. Эми алар бул маселени карап, чечим чыгарат”, - дейт Сооронкулова.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Азаттык менен Заноза.кг сайтын жоопко тартуу боюнча сотко кайрылган. Сотко берүүгө аталган ММКлардын Өмүрбек Текебаевдин Кипрге болгон сапары боюнча алган комментарийлери, "Ата Мекен" партиясынын юристтеринин Боингдеги жүк тууралуу билдирүүсүн чагылдырган материалдар негиз болгону айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан