АКШ Максим Бакиевге байланыштуу кылмыш ишин токтотту

АКШнын прокуратурасы экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге байланыштуу кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу "Bloomberg" агенттиги билдирди. Азырынча кылмыш иши эмне себептен токтотулгандыгы ачык айтыла элек. Эске сала кетсек, 2012-жылдын 7-декабрында АКШ баалуу кагаздарга байланыштуу алдамчылык кылмышына айыптап Улуу Британияга Максим Бакиевди экстрадициялоо талабын койгон болчу. Аны экстрадициялоо боюнча сот иши 2013-жылдын 13-майында Лондон шаарында өтмөк. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан