Жаштардын сүйүктүү ырчысы, англиялык аткаруучу Адель 28 жашка чыкты. Ал 1988-жылы 5-майда Лондондо төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү - Адель Лори Блу Эдкинс. Поп, соул, инди-поп, жаз жанрларында ырдаган ырчы Америка музыкалык сыйлыгынын "Жылдын артисти", "Мыкты сүрөтчү", наамдарына (2011), "Мыкты поп-рок ырчы", "Мыкты поп-рок альбом" ("Rolling in the Deep", 2012) жана башка сыйлыктарга ээ болгон.
Аделдин музыкага болгон сүйүүсү бала чагында, мектеп курагында эле ойгонгон. Бирок келечекте бул багытта карьера жасоо анын оюна келген эмес. Болгону, эртеден кечке чейин ырдап жүрүп, акыры ушул чөйрөнүн адамы экенин түшүнүп, ырсыз жашоо кечире албасына көзү жетет. "Hometown Glory" ырын мектептеги бир кечеде аткаргандан кийин анын досу интернет порталга жүктөп салат.
Мына ушундан тарта ага белгилүү продюсерлерден иштешүү тууралуу сунуштар түшө баштайт. 2007-жылы 19 жашында анын алгачкы "Chasing Pavements" ыр жыйнагы жарык көрөт. 2011-жылдын 24-январында ырчынын кезектеги "21" деп аталган ыр жыйнагынын бет ачары болуп өткөн. Андагы "Rolling in the Deep" менен "Someone Like You" чыгармалары британиялык чарттардын сап башын ээлеп, хит-параддарда бир канча убакыт 1-орундан түшпөй калган. Аталган эки ыр өз мекенинде эле эмес Ирландия, Германия, Голландия, Жаңы Зеландия, Швейцария, Австрия, Бельгияда да хит болуп, Аделге болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келген. 2015-жылы ырчы "Hello" ырын ырдап чыгып, ал күйөрмандарынын дээрлик бардыгынын жүрөктөрүн багынткан.
Жеке жашоосу
2011-жылы ырчы жеке ишкер Саймон Конекки менен кыз-жигит катары сүйлөшө баштап, бир жылдан кийин Анжело Жеймс аттуу уулдуу болушкан. Ырчынын билдиргенине караганда, сүйүктүүсү экөө быйыл март айында чакан үлпөт тоюн өткөрүшкөн.