Бишкек шаарында учурда айрым көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул иштер Кытай грантынын эсебинен каржыланып жатканын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирген.
Учурда борбор калаанын Медеров, Күрөңкеев, Тоголок Молдо, Достоевский, Жамгырчинов сыяктуу ондогон көчөлөрүндө тротуарларды оңдоо, таман таштарды, асфальт-бетон төшөө, сугат лотокторун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Жол куруучулардын күнүмдүк ишинен фоторепортаж.