SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "ЭКУ жолу менен бойго бүтүрүү" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кепилдиги бар, бирок бойдон түшүү коркунучу көп. ЭКУга көп акча, убакыт жана нерв коротулат. ЭКУ аркылуу бойго бүтүрүүдө көбүнчөсү эгиздер төрөлөт экен. Мисалы, белгилүүлөрдөн: Анжелина Жоли, Женнифер Лопес, Жулия Робертс, Селин Дион жана башкалар эгиздердин бактылуу энелери".
"Мен дагы эгиз уулдуу болгум келет. Кыргызда бар бекен деп окуп жаткам. Андан төрөлгөн балдар алсыз болот дешет. Себеби бойго бүтүп жатканда эң "шустрый, быстрый" сперматозоид кирет экен да, а аркылар алсызыраак келишет окшойт".
"Мм, негизи ЭКУда сперматозоиддердин "мощныйлары" тандалып алынат. Аялга стимуляция жасалат да, бир урук клеткасы эмес, бир нечеси өрчүйт. Ошол өрчүгөндөрүн да электен өткөрүп, текшерип, анан пробиркада кошултушат. Адатта 5, 8, 12... даана өрчүй баштаган түйүлдүктөр пайда болот. Аларды да иликтеп, канчасы калса, болочок ата-энеге айтат. ЭКУ менен 8 эм төрөгөндөр деле жүрбөйбү. Тилекке каршы, түйүлдүктөрдүн баарына аялдын даремети жетпегендиктен, эң-эң экөө гана тандалып алынат да, бири-бирине окшош эмес, бирдей же ар башка жыныстагы эгиз балдар төрөлөт. Себеби бир эле түйүлдүк өрчүтүлсө, кокустук болуп өспөй калса мээнет текке кеткен болот. Бул эми идеалдуу учур. Бирок көбүнчө ЭКУ жасаткандардын же спермограммасы анча жакшы эмес, же урук клеткалар көп өрчүбөй калса, адистер бар урук клеткалары менен гана иштешет да, балдар ошондон назик болушу мүмкүн. Же аны ата-энеси өтө эле алпештеп жүрүп өздөрү ошентип коюшу мүмкүн".
"Чөнтөгү калыңдар үчүн жана аргасы түгөнгөндөрдүн иши деп билем. Коңшу эжеке араң бир жолу жасатса болбой калып, кайра экинчисин жасатып төрөдү. Бул жол менен деле төрөй албагандар бар, аял киши балалуу болуш үчүн эмнеге гана барбайт".
"Жашы 34-36дагы эжени көргөм, Алматыдан жасатып келип кыз төрөгөн. Экинчисин да жасатып кыз төрөдү, азыр кыздары чоңоюп калыптыр".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.