Өзгөн ыйы. Аюу айылынын тургуну: "Иним жер сурап барса, "сага көчкү түшпөйт" деп коюшкан"

29-апрель күнү таңкы саат 06:40 чамасында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көчкү жүрүп, анын кесепетинен 11 үй топурак астында калган. Көчкү баскан 24 адамдын сегизинин гана жансыз денеси топурактан чыгарылды. Түшкөн көчкүнүн көлөмү 200 миң метр кубду түзүп, бийиктиги 10 метрге чейин жеткен. Учурда издөө иштери токтотулду.

Кепинсиз калган денелер

Топурак астында калган 11 үйдүн 7синде гана адамдар жашаганы белгилүү. Көчкү баскан үйлөрдө ошол маалда жалпысынан 24 тургун болгон. Жер астында калгандардын денесин алып чыгуу маселеси жаралып, жакындарын жоготкондор менен аймакты мазарга айлантуу маселеси боюнча да сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Буга байланыштуу дин аалымдарынын кеңеши менен 2-апрелде жалпы маркумдарга арналып жаназа окулду. Каза болгондордун жакындарына президенттик фонддон 100 миң, өкмөттөн 70 миң сомдон тапшырылды.

“Көчкүдөн качып келип, көчкүгө тутулдук”

Аюу айылынын 49 жаштагы тургуну Ибрагим Разабаев мындан кийин кайда жашаарын билбей жатканын айтты:

"Үйдө 2 балам, жубайым болуп жашачубуз. Уулдарымдын бири 2 күндөн бери бизден бөлүнүп, времянкада уктап жаткан. Кыйкырык болгондо биз качып чыкканга жетиштик, бирок балам көчкү астында калды. Аялым аны алып чыгам деп үй тарапка чуркаганда көчкү үйдү басып калды. 3 балам Москва шаарында болчу. Эгер алар да биз менен болгондо, балким, баарынан айрылып калмакмын. Азыр баламдын күйүтүнө чыдабай турганда үй маселеси да көзүмө көрүнбөй жатат. ӨКМнын эскерткенине байланыштуу 13 жыл мурун ушул айылга көчүп келгенбиз. Жаңы, коопсуз деген үйүбүз да топурак астында калды".

“ӨКМ “көчпөй эле койгула. Биз кепилдик беребиз” деген”

Жер көчкүдө 2 инисинен ажыраган Аюу айылынын тургуну Абдулхаят Назирбаев ӨКМнын ишине нааразымын дейт:

"Бир тууган 39 жана 49 жаштагы 2 инимден айрылдым. Кичүү иним жубайы, 4 баласы менен, улуу иним кызы менен бирге каза болуп, 8 жакын тууганымдан ажырап отурам. Инилерим үй-бүлөсү менен уйкуга кеткен боюнча ойгонбой калышты. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү айыл башчыбыз менен келип, адыр боюндагы үйлөрдү көчкүлө деп үгүттөп жатканда каза болгон улуу инимдин аялы “бизди да жер көчкү басып калбайбы? Биз да көчөлүбү?” - деп сураган экен. ӨКМнын өкүлү “көчкү силерге жетпейт. Мен кепилдик берем” деп айтыптыр. Эми күйөөсүнөн айрылган келиним “муну билгенде аларды укпай эле көчүп кетмек экенбиз” деп ыйлап жатат. Кичүү иним көчүп кетейин деп жер сурап барса, “сага көчкү түшпөйт” деп жер тилкесин бербей коюшкан болчу".

“Үй-бүлөмдөн ажырап, жалгыз калдым”

Москвада иштеп жүргөндө суук кабар уккан Шонияз Абдисалам уулу бүтүндөй үй-бүлөсүнөн ажырап кан жутуп отурганын айтты: "Москва шаарында 2 жылдан бери иштейм. Акыркы күндөрү үйгө кетким келип, учакка билет алсам деп жүргөндө ушундай суук кабар келди. Угуп эле бул жакка жөнөдүм. Үйүбүздү көчкү басып, ата-энем, 2 карындашым топурак астында калыптыр. Ошентип жалгыз калдым. Атам 47, апам 45 жашта болчу. 2 күн издеп, карындаштарымдын денесин таап чыктык".

Кырсык болордон 2 күн мурун Орусиядан телефон чалып, ата-энем менен сүйлөшкөм. Көрсө, ошондо акыркы жолу алардын үнүн угуптурмун. Ошондо “жамгыр көп жаап жатат” деп айтышкан. Тамак-аш, кийим-кече берип жардамдашып жаткандыгы үчүн элге рахмат! Айла жок экен. Турмуш улана берет. Эми мамлекеттен ссуда берсе жер тилкесин алып, үй салганга аракет кылам".

“3 күн мурун эскертүү берилген”

Заргер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухамед Бокошев жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу буларга токтолду:

"Аюу айылында жалпысынан 248 кожолук, анда 1350дөй жашоочу бар. Кооптуу аймакта жашаган калкка 1993-жылдан 2003-жылга чейин 16 миңден 200 миңге чейин ссуда берилген. 1994-жылы да биздин айыл өкмөттө ири жер көчкү катталып, анда 54 киши каза болгон. Мындан улам Аюу айылынын жашоочуларына да бир нече ирет эскертүү берилип, көчкү астында калган 3 үй-бүлөгө ссуда дагы бөлүнгөн экен. Бирок мен айыл өкмөттү жетектей баштаганыма 2 ай эле болгондуктан, канча суммада берилгени тууралуу маалыматым жок. Жаз келери менен жер көчкү активдешкендиктен ушул айылга кырсыктан 3 күн мурун атайын кызматкерлер келип, туугандарынын үйүнө көчүп турууну суранышкан.

Жабыркагандарды Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү 42 гектар аянтка көчүрүү иштери жүрүүдө. Көчкүнүн бийиктиги айрым жерлерде 15 метрге чейин жеткендиктен, астында калгандарды казып чыгаруу кыйын болууда".

Өлкө боюнча 3813 үй-бүлө кооптуу аймакта жашоодо

ӨКМнын маалыматына караганда, 2016-жылдын октябрынан 2017-жылдын мартына чейинки жаан-чачындын нормадан көптүгү жер көчкүгө себеп болгон. 2017-жылдын 1-апрелине карата республика боюнча 3813 үй-бүлө кооптуу аймакта жашоодо. Алардын 2782сине ссуда жана жер берилген.

Жыйынтыктап келгенде өлкөбүздө болчу табигый кырсыктардан элди коргоого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч-кубаты жетпейт окшойт. Жер көчкү, өрт, сел жана жер титирөө сыяктуу апааттардын алдын алуу, элдин коопсуздугун сактоо бул жакта турсун, кырсыктан кийин да жеткиликтүү кызмат көрсөтө албашын ушул окуялардан билсек болот. Өзгөндөгү жер көчкү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учурдагы абалын көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
raykray
2017-05-05 13:09:35
эл туура айтат, кочку келет кочкуло десе баары кетмек, бийликтегилер конуп калды элге шылтап,чегарада озубуздун границада турса бир [moderated] олтуруп кетсе озбекстанда турган озундо куноо деп иш бутот!иши кылса толтура ушундай иштер куйосун,жазанарды кудай берсин!!! озбекстангада жер сатып атасынар, жерди ушуларга берип уйунор кочуруп салгыла десенер болотда! карап коргуло дагы кочку журчу жер болсо бир жыл мурда даярдангыла!!! бак даракты отургузушту Ошо айыл окмот деле караштырса болотда! чо
+5
raykray
2017-05-05 13:10:01
чыгарып жашылдантып аткандар бар!!!
+1
ukmuw-ukmuw
2017-05-05 13:26:30
Ушинтип еле доомат кылып отурсак омаат бизден кетпейт!
0
mirkaa5182
2017-05-05 13:59:29
Кеч чара көргөндөн көрө алдын алган жакшы, ошого МЧС, ошол жердин айыл өкмөттөрү катуу иштеш керек, мониторинг жүргүзүп элге туура түшүндүрүп, мүмкүн болсо мажбурлап көчүрүш керек.Ошондо кырсыктардан алдын алып,сактап калабыз.
+2
Soni130587
2017-05-06 01:05:55
Бирок МЧСте куноо бар туугандар буларга мамлекеттен миллиондогон акчаларды болуп беришет булар жеп журо беришкен эми мындай трагедия болгондо айласын таппай калышты. Эгер мындай кочкулор болбогондо булар ачыкка чыкпайт болчу.
0
Kroxa
2017-05-06 07:23:36
Озгочо кырдаалда жардамы тийбесе эмнеге озгочо кырдаал атын жооп бере алышппса жоюуп салгыла айлык толоп аларды бекер эле бакпай мындайда эл озу озуно жардам беришет МЧСтен пайда жок болсо..кайрат кылгыла элибизге кыйын иш тушсо да жардам жок..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан