Бишкекте балдар аянтчасынын кооптуу жерге салынганы тургундарды кабатыр кылууда

Бишкекте көчөлөрдүн кесилишинин жанына курулган балдар аянтчасы жергиликтүү тургундарды кабатыр кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда SUPER.KG порталына шаар тургуну Нургүл Пирматова билдирди.

Маалыматка ылайык, балдардын ойноочу аянтчасы борбор калаанын Тыналиев жана Гагарин көчөсүнүн кесилишине орнотулган. Жергиликтүү тургундар жол кырсыгынан кооптонушууда.

"Бул жолдон дайыма өтөм. Мен өзүм энемин. Бул орнотулган балдардын аянты өспүрүмдөрдүн өмүрүнө кооптуу. Анткени жолго өтө эле жакын. Жолдон өтүп бараткан ар бир баланын кызыгуусу артып, жол чыракка карабай өтүп, оюнга азгырылышы мүмкүн. Анткени балдардын аң сезими кырсык тооруп кетерине жетпейт. Энелердин көз жашы агуусун каалабайм. Тез аранын ичинде курулган аянтты алып таштоо зарыл. Бул аракетибиз менен адам өмүрүн алдын алган болобуз", - деп билдирди Пирматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nusu9898
2017-05-05 14:59:39
Бул аянтчаны кайсы ХХХ куруптур ал жерге
+7
admin_portal
2017-05-05 15:03:17
Nusu9898, этика нормаларын сактаңыз.
-5
mirkaa5182
2017-05-05 15:11:34
Ушундай жолго жакын да салабы, салган адамдар ойлонбоду бекен.
+10
rejepova
2017-05-05 15:12:56
тратуар эле болчу жер экен
+4
Bars88
2017-05-05 15:13:27
Курса дагы жаман.Эч нерсе жакпайт озу бизге
-11
solntse95
2017-05-05 15:23:54
Bars88,Курганга жараша жакшына жерге курбайбы, жолдон отуп баратып эле таштап койгонсуп калыптыр...
+11
plaza85
2017-05-05 15:36:56
Прораб ХХХ экенго куруп жатканда кичине ойлонду бекен, адамдык сапаты калбаптыр прорабдын.
+4
admin_portal
2017-05-05 15:41:54
plaza85, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
-4
frunze12
2017-05-05 15:52:54
Чын эле ким курса да ойлонду бекен?!! Менимче 120 депутат келип куруп кеткендей го...
+5
admin_portal
2017-05-05 15:51:27
teleport, ,1. кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз
2. этика нормаларын сактаңыз.Эскертүү!
-3
ali1995
2017-05-05 15:55:02
Ушунтипда салабы.ойлонуп пландаштырып анан куратда.тушунон чочуп туруп эле кутуп чалса керекда.
+3
Salman.eldar
2017-05-05 16:01:18
кайсы ХХХ курган? миннтип кургандан коро курбай эле койбоптур!
+4
alhamdu
2017-05-05 16:08:00
Эч тушунбодум,ушуну курганга жеткен акыл опасный экенине жетпейби,жетет албетте,болгону кайдыгерлик да,не болсо ошо болсун деген. Аны курдурган тааныш билиш менен ишке орношкон бир двоечник да жоопкерчиликти сезбеген,просто соз жок...
+2
zzari-83
2017-05-05 16:50:03
Тообаа,же биздин куруучулардын меесине доо кеткен,жее меелерин иштеткилери келбейт, ушундай жерге да курабы? Ушул кантип болсун?Кайдыгерликтин дагы чеги болот да!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан