СУПЕРСТАН: "Кыздардын ар кайсы жигитти артынан чуркатпай, жашоодо өз ордун эртерээк тапканы жакшы"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздардын турмушка эрте чыгышы" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Классташым 10-классында турмушка чыккан. Ала качып кетсе да бир жөн өзү сүйлөшүп тийген. Бир жума мурун балалуу болуп, бешик той берди. "Эрте турмушка чыкканыңа өкүнөсүңбү?" деп сурасак, "жок, эмнеге өкүнмөк элем, тескерисинче, турмушта өз ордумду таап алганыма сүйүнөм" дейт".

"Эрте турмушка чыкса эле кыздын жашоосу бузулуп же жыргалчылыкты көрбөй калчудай ойлойбуз. Эгер жашы жеткен болсо, үйдүн ырысын кармай билүүчү жашка келсе, апа болуп, балага туура тарбия бере ала турган болсо, кыскасы, үй-бүлө курууга даяр экенин сезип турса, үч-беш жылдан эрте-кечи жок болуш керек. Анткени кээ бир кыздар үчүн бакыт - бул жубай болуп, күйөөсү менен бактылуу өмүр сүрүү, апа болуп мээрим төгө алуу. Андыктан кыздардын ар кайсы жигитти артынан чуркатпай, жашоодо өз ордун эртерээк тапканы жакшы".

"Ар бир адамдын маңдайына жазган тагдыры бар, ал тагдырдан качып кутула албайсың. Кыздардын мектепти бүтүрүп, бир кесипке ээ болуп, анан турмуш жолуна түшсө мамлекетибиз өнүккөнгө көп салым болмок, а мектепти бүтүп турмушка чыкканы бул эртелик кылат. Анткени ата-энесинин колунда жүрүп көп нерсени түшүнбөйт. Ошондуктан көпчүлүк жаш жубайлар турмуштун ысык-суугуна чыдабай, ажырашкандар көп кездешет".

"Кандай болбосун кыздар турмушка 20 жашка чейин, толук сөөгү жетилмейинче күйөөгө чыкканы туура эмес. Кээ бирөө түшүнбөй эле, тулку бою чоң болсо эле "жарайт" деп күйөөгө чыгуу туура эмес. Адам биринчи моралдык, физиологиялык жактан да жетилиш керек, ошондо гана мүмкүн болот. Үй-бүлөлүк жашоо ушул нерсе менен куралгандыктан айта кетпесем болбос, аялзаты бат жетилет деп айтып калышат, бул туура эмес. Аялзаты жыныстык катнашка эркек баладан кеч жетилет. Мисалы, эркектердин уругу 12-13 жашынан пайда болсо, аялзатынын урукчасы 16-18 жашында, ошондо да эрте жетилсе, а толук жетилүүсү 21-23 жашка, кээ бир аялдар 35-40 жашка чейин барат. Ошол себептен кээ бир үй-бүлөдө 40тан өткөндө балалуу болушат. Жетиле элек кыз күйөөсүн да кыйнап коюшу, төрөт учурунда өзүнүн ден соолугуна залал келиши мүмкүн. Ошондуктан эрте турмуш курууга каршымын, өзүмдүн теңтуш кыздарымдын турмушунан билем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Luna15
2017-05-08 19:38:08
айтканынар туура,бирок менин келиним бар 18жашта,жургон турган,суйлогону менин чон жнемли биякка таштайт,кыздын озунон эле болотго деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан