Фольклордук чыгармалардын каарманы “эльфге” айлануу үчүн аргентиналык Луис Падрон аттуу кыз пластикалык операцияга 32 миң доллар коротту. Бул тууралуу Лента.ру басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Буэнос-Айрес шаарында жашаган Луис Падрон кичине кезинде теңтуштарынан көп шылдың уккан. Андан корунган Луис жомоктор жана фэнтези жанрындагы чыгармалар менен алектенип жүрүп, кийин аябай берилип кеткен. Эми ал 25ке чыкканда кебетесин сүйүктүү каарманыныкындай кылып, денесин ойдогудай аппак кармоо үчүн миңдеген долларларды күндөн коргоочу кремдерди сатып алууга коротот.
Маалымат катары, эльфтер немис-скандинавиялык жана кельт элдеринин фольклордук чыгармасындагы ойдон чыгарылган элдин аты. Эльфтертер ар кайсы уламыштарда ар кандай сүрөттөлөт. Алар жалпы жонунан сулуу, ак жуумал адам, токойлор ээси катары сүрөттөлөт. Луис Падрондон сырткары, пластикалык операциянын сүйүүчүлөрүнүн сүрөттөрү назарыңыздарда.