Кадыр Токтогулов: "АКШнын Максим Бакиевди экстрадициялоо талабынан баш тартканы түшүнүксүз"

АКШнын Максим Бакиевди экстрадициялоо талабынан баш тарткан чечими түшүнүксүз”. Мындай сөздү 10-майда президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов билдирди.

“Биз азыр аталган чечимдин шарттарын териштирип жатабыз. Максим Бакиев өлкөнү тоноп, азыр Лондондо Кыргызстандын элинин акчасына жашап жатканынан күмөнүбүз жок”,- деди Токтогулов. 

Айта кетсек, АКШ прокуратурасы Максим Бакиевге байланыштуу кылмыш ишин токтоткондугу белгилүү болду. Буга чейин аны баалуу кагаздарга байланыштуу айыптап, Улуу Британиядан аны экстрадициялоону талап кылып келген. Ал эми М.Бакиевди АКШга өткөрүп берүү боюнча соттук отурум 2013-жылдын 13-майында Лондон шаарында өтмөк.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан