ӨКМ: Чоң-Алай районунда 717 адам чатырларга көчүрүлдү

Чоң-Алай районунда 717 адам чатырларга көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-майдагы жер титирөөдөн кийин аталган райондун Жекенди айыл аймагындагы Кара-Мык, Шиве, Жекенди, Чулук, Кара-Тейит айылдарында жалпы 281 турак жай изилденген, анын ичинен 66 турак-жай авариялык абалга келген. Ошондой эле 215 турак жайдан майда жаракалар пайда болгон. Андан сырткары 6 социалдык объект изилденип, 2 ФАП,1 почтанын имараты, 1 мектеп авариялык абалда.

4-май күнү жер титирөө болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышып, тургундар менен жолугушкан.

Аталган министрлик тарабынан 5 орундуу 100 даана чатыр жер титирөө катталган аймакка тигилген.

1. Карамык айылына, 63 үй-бүлө (445 адам);

2. Жекенди айылына, 10 үй-бүлө (66 адам);

3. Кара-Тейит айылына, 10 үй-бүлө (125 адам);

4. Чулук айылына, 5 үй-бүлө (42 адам);

5. Шибе айылына, 6 үй-бүлө (39 адам).

Азыркы тапта дагы 200 даана чатыр куткаруучулар тарабынан тигилип жатат.

Айта кетсек, бүгүн дагы Кыргыз-Тажик чек арасында саат 11:09да 7 балл, саат 11:15те 5 балл, саат 12:38де 5 балл жана 13:03тө да жер титирөө катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gulmira12345
2017-05-05 16:43:04
кана чатырдын суроттору ишенет элек
+1
ABDulHai
2017-05-05 17:24:42
Алайда кыш эми эле чыгып жатса керек жаман кыйын болуптур туугандар чатырда кантет экенсиздер эми
+2
Moldaliev
2017-05-05 22:00:02
ABDulHai,Алай эмес чоң Алай деп жазылып турат
0
fanatkg
2017-05-05 18:22:34
Эмнеге контейнер беришпейт? Же контейнер сурашпадыбы?
+2
nur.akturpak
2017-05-05 22:07:17
Бирок ана мына дей бересинер МЧСке да кыйын болду
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан