Шашылыш билдирүү! 8-майга чейин тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

8-майга чейин тоолуу райондордо жана ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Маалыматка ылайык, 8-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн жылышына байланыштуу тоолуу райондордо жана Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашууга, Ала-Белге, Чычкан өрөөнүнө, Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу өтмөгүнө, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Барскоон жана Сөөк өтмөктөрүнө кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүүсү мүмкүн делген аймактарда айдоочуларга 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертишет. Андан сырткары 7-9-майларда тоо этектерине жана тоолуу райондорго жааган бороондуу катуу жамгырдан улам, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүүсү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан