Быйыл 9-майда Тажикстанда “Өлбөс полк” акциясы ислам динине туура келбегендиктен, өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Тажикстандын “Хабор” маалымат агенттиги билдирди.
Ага ылайык, “Өлбөс полк” акциясы өткөрүлбөсүнүн себеби катары, тажик бийлиги Тажикстандын Ооганстан менен чектеш райондорундагы аскер иштерине жана өлгөн адамдын сүрөтүн көтөрүп көчөдө басууга ислам дининде тыюу салынганын айтып, ал ислам динине карама-каршы келерин билдирген.
Ошондой эле учурда 9-майдагы өтө турган Жеңиш күнүнө арналган парадга Тажикстандын күч кызматкерлери тынбай даярдык көрүп жаткандыгы, бул парадга Орусиянын 201-базасынын аскерлери да катышары, параддан соң аскерге жаңы чакырылып жаткан жигиттер ант берери жазылат маалыматта.