ЭЛДИК КАБАР: Тажикстандагы Жерге-Тал дубанынын кыргыздары жер титирөөлөрдөн зыян тартышууда

Тажикстандагы Жерге-Тал дубанынын кыргыздары жер титирөөлөрдөн зыян тартышууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда окурман SUPER.KG порталына Viber аркылуу кабарлады.

"Бүгүн саат 10:10 чамасында катуу жер титирөө болду. Мектепте сабак өтүп жаткан болчубуз. Тез арада окуучуларды сыртка чыгарып, үйлөрүнө жибердик. Мектептин терезелери сынды. Үйлөрдүн дубалдары ажырап, топурактар жемирилип түшүп жатат. Элибиз коркуп, түнкүсүн сыртка боз үй, чатыр тигип уктап жатабыз", - дейт окурман.

Аталган дубанда кыргыздар көп жашаары маалым.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ABDulHai
2017-05-05 19:09:52
Ыйлагым келди... сабыр кылалы айла жок башка.
+1
Boldukan86
2017-05-05 19:36:39
кайран кыргыз элим тоо этектеринде шарты жок жерлерде сай донсоодо эле жашап калган экен. койдой жоош кыргызым кырраалыкты билбеген.
+1
KYRGYZ_bolson_BRAT
2017-05-05 20:33:29
Жерге Тал нары турсун Кыргызстандын озундогу проблемаларды чечалбай жатышат биздин пайдасы жок саясатчылар"(((
+1
mamsali
2017-05-05 20:34:14
жерге талдык жердештер жер титироодон жабыркап жатыптыр кудайым озу сактасын
0
Patriot7
2017-05-05 21:45:30
Жерге-Тал ж.б.коптогон кыргыздар отурукташкан жерлер кантип Кыргызстанга карабай калган тушунбойм. Мисалы Баткенде Сох, Шахимарданды анклав кылып алышкан. Озбек, тажиктер жашайт деп. Ал эми кыргыздар отурукташкан коптогон жерлер коншу олколордун составында калып кетти. Ошол эле Тажикистандагы кыргыздар отурукташкан Жерге-Тал, Мургапты Кыргызстан озуно алса болмок. Афганистанда Чон жана Кичи Памир, Кытайда Кызыл-Суу, Казахстанда Текестин бир болугу КЫРГЫЗдардын мекени.
+2
Patriot7
2017-05-05 22:31:49
Озбекистанда кыргыздар жашаган аймактар коп. Алар же Кыргызстанга отпогон же анклав болуп калбаган. Ал аздай Кемпир-Абад суу сактагычы, Совет-Абад ж.б.коптогон жерлер Озбекистанга биротоло отуп кетти. Каркыра казактарга, Узонгу-Кууш кытайларга белек болду. Ал эми ошол эле кытай, казак, озбек, тажиктер кыргыз жерине терендеп кирип отуруп канчалаган мин кв.км жерибизден коз коруно ажырап отурабыз. Ушулардын баары бийликтеги "акылдуулардын" айынан...
+3
Kulatov
2017-05-06 09:08:13
Кыргызстандын азыр өзүнүн проблемалары толтура силердин эле проблемаңар жетишпей атты эле тажикстандын бийлигине айткыла да аны не бизге айтып жатасыңар тажикстанга карагандан кийин.
-2
mr.cana
2017-05-06 10:26:36
Kulatov, Кыргыз океандын ары жагында да кыргыз, кабарды жиберген киши проблема кылып айттыбы же маалымат катары билдирдиби, билбейт туруп антип айтпагыла! Суйунуш керек Жерге-Талдан кирип Кыргызстан жонундо кабар алып окуп жатканына... Бул менин жеке оюм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан