КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Курал Чокоевдин жеке концерти SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү Курал Чокоевдин жеке концерти менен толукталды. Концерт 2016-жылы октябрь айында Бишкек шаарында өтүп, ага ырчынын сахналаш достору Ильяз Андаш, Добр, Кайрат Примбердиев, Айбек Бакытбеков катышышкан.

Курал Чокоев сахнада Ильяз Андаш менен бирге хит болгон "Сейдакматтын ырын" аткарып, аны күлкү жаратуучулар коштоп, күйөрмандарга көңүлдүү маанай тартуулашкан. Ырчы концертте "Ата-эне" ырын аткарган соң залда отурган энесине ыраазычылыгын билдирип, гүл сунган.

"Студент кезде болгон акчамды топтоп жаздырган ырым бар. Ыр радиолордон жаңырып, чыгармачылыгым ошол кезде башталган. Ал ырды ырдабай койсом өзүмдү алдаган болом", - деген ырчы "Мени кечир" чыгармасын Айбек Бакытбеков менен алгач англисче, анан орусча аткарган.

Курал Чокоевдин концертин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан