Нарын. 9-Майга карата өткөн аламан байгеде ат-башылык күлүк биринчи чыгып, автоунаа утуп алды

9-майда Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына карата Нарын шаарында улуттук ат оюндары болуп өттү. Алардын бири аламан байгеге токтололу. Күлүктөр 10 айлампага чуркашып, 7-орунга чейин байге сайылды. 1-орунга Сузуки үлгүсүндөгү автоунаа коюлуп, аны Ат-Башы районунан келген күлүк жеңип алды. Байге ээсине жеке ишкерлер кошумча 100 доллар тапшырышты. Ал эми 2-орунга 100 000 сом коюлуп, аны Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынан келген күлүк утуп кетти. 3-орунга коюлган 60 000 сомду Нарын районунун Эмгекчил айылынын күлүгү ээледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан