АКШнын алдынкы ABC, CBS, NBC жана CNN телеканалдары президент Дональд Трамптын 100 күндүк башкаруудагы ийгиликтери тууралуу жарнаманы көрсөтүүдөн баш тартышканын Ассошиэйтед Пресс агенттиги өздүк булакка шилтеме берүү менен жазып чыккан.
Агенттиктин маалыматына ылайык, видеороликте CNN, ABC, MSNBC, CBS жана NBC телеканалдарынын журналисттери "чындыкка дал келбеген кабарлар" жазуусу менен көрсөтүлүшкөн.
"Негизги ЖМКлар үчүн сөз эркиндиги өздөрүнүн саясий көз караштары үчүн гана кызмат кылса, маанилүү экени көрүнүп турат", - деген президенттин администрациясынын кеңешчиси, президенттин уулунун жубайы Лара Трамп.
Видеоролик Fox News жана Fox Business телеканалдарында көрсөтүлүп жатканы маалымдалат.