ЖЫЛНААМА, 6-МАЙ: 56 жыл мурун белгилүү америкалык актёр Жорж Клуни туулган

Белгилүү америкалык актёр Жорж Клуни 56 жашка толду. Ал 1961-жылы 6-майда АКШнын Кентукки штатындагы Лексингтон шаарында туулган.

Клуни “Тез жардам”, “Түн киргенден таң аткыча”, "Охотники за сокровищами", "Гравитация", "Тринадцать друзей Оушена", "Двенадцать друзей Оушена", "Одиннадцать друзей Оушена", "Дети шпионов" ж.б. кинолорунда да көрүнүктүү ролдорду жараткан.

2009-жылы Time журналынын тандоосу боюнча дүйнөнүн 100 таасирдүү адамдарынын катарына кирген. Ал актёрлуктан сырткары гуманитардык ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп келет. Анын ичинде Судандагы этностор аралык кагылышты жөнгө салуу, 1915-жылдары армяндардын өлүмүн геноцид деп таануу, Гаитидеги жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам берүү сыяктуу коомдук иштер бар.

Жордж Клуни 1989-жылы актриса Талия Болсамга үйлөнүп, экөө 4 жыл бирге жашашкан. Андан кийин актрисалар Рене Зеллвегер, Келли Престон, Жулия Робертс, модель Синди Кроуфорд менен сүйүү мамилесин курган. 2014-жылы Клуни менен юрист Амаль Аламуддин баш кошушкан.

6-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан