"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалдагы тротуардын ордуна имарат тургузган компания тургундар үчүн жаңы тротуар салып берет

Окурман "Элдик кабар" рубрикасына Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы тротуарды "KG Group" курулуш компаниясы тосуп алганын, анын өкүлдөрү тыңгылыктуу жооп бербей жатышканын кабарлаган.

Аталган компаниянын өкүлү SUPER.KG порталына тургундар үчүн жаңы тротуар салынарын билдирди:

"Тротуар төшөлгөн аймак документтер боюнча компанияга карайт. Куруу иштерине байланыштуу ал аймак тосулган. Жергиликтүү тургундар буга чейин кайрылышкан. Биз документтерди көргөзүп, баары мыйзамдуу экенин түшүндүргөнбүз. Компания сөзсүз түрдө тургундар үчүн ошол эле тротуарды тосмонун сыртына салып берет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Abdyrashit.Satylganov
2017-05-06 11:50:16
Өзү ошол жертеги тротуар туура эмес салынган, көзгө өөн учурайт...Бирок бул компания салып берип анан тосуп алсаңар болмок экен
+3
JOM
2017-05-06 17:03:32
Abdyrashit.Satylganov,

sen bir jerdi satip aldin deyli,anan al jerge elder egesi koldonbogonu uchun jol kilip aliwti deyli,sen kelip dokumentte bolgon jerdi tostun,anan el kelip sagag bul jer jol ele,biz tratuar koyduk ele dese senin joobun kanday bolot ele?sali beruugo mildettumun dep esepteyt belen?
0
raykray
2017-05-06 17:37:17
Ким билет жолду саткандыр ачка калып жаткан бир бай! же жолду тосуп алдыбы бир бай тойбой калбайын деп?!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан