52 жашка чыккан Моника Беллуччи өзүнүн жеке жашоосу тууралуу Paris Match журналына берген маегинде айтып берди.
Анын айтымында, ал кайрадан сүйүүсүн жолуктуруп, бактылуу. Бул ирет актриса өзүнөн 8 жаш кичүү француз актёру Жиль Леллушту тандаган.
Беллуччи буга чейин Венсан Кассель менен мамиледе болуп, андан 2 балалуу болгон. Экөө 2013-жылы коштошушкан.
Моника Беллуччи 52 жашка чыкса да, жаш кезиндей эле сулуу. Ал азыр да журналдар үчүн көптөгөн ачык сүрөттөргө түшүп, тасмаларга тартылып келет. 2015-жылы баарына белгилүү Бонддун сүйүктүүсүнүн ролун аткарып, тасманын тарыхында агенттин сүйүктүүсүн ойногон эң улуу актриса болгон. Ал эми бул жылы актриса Канн фестивалынын алпаруучусу болот.