Турмуштун айынан мектепти таштап, базарда соода кылып же араба түртүп жан баккан, ал тургай үй-бүлөсүн баккан өспүрүмдөр өлкөдө жүздөп саналат. Андай жаштардын чордону - базар. Бишкектеги "Ош базарында" болуп, андай өспүрүмдөрдүн бүгүнкү абалы менен тааныштык. Көпчүлүгү “бүгүн мектепте сабак жок, ошондуктан бул жерде иштеп жатабыз” деп жатышты. Арасында чындап эле ата-энесине же жакындарына жардам берип, соода кылып жаткандары да бар. Ал эми 16 жаштагы Адилет апасына жардам берип жүргөнүн кошумчалады.
“Апама жардам берейин деп 9-класста окуп жатканда мектептен чыгып кеткем, себеби анын менден башка жардам берчү эч кимиси жок. Азыр ал ооруп жатат (ары жакта жерге төшөк салып уктап жаткан апасын көргөзүп). Ал жакшы болуп айыгып кетсе эле быйыл окууга кирет элем”,- дейт ал.