5-майда Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында "Таза Ысык-Көл" акциясынын алкагында ыктыярчылар ишембилик өткөрүп, 8 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары кабарлашты.
Ишембиликке 300дөй ыктыярчы, жергиликтүү муниципалитеттин кызматкерлери катышышкан. Маалыматка ылайык, таштандыдан 4 коомдук пляж, мыйзамсыз таштанды таштоочу жай тазаланган.
"Бул жылы биздин Ысык-Көл таза болуп, ага конок катары бир гана жакшы адамдар келишет деген үмүттөбүз. Биз аларга Кыргыздын меймандостугун мыкты көрсөтөбүз", - дейт акциянын уюштуруучусу Айжан Чыныбаева.