ЖЫЛНААМА, 6-МАЙ: 1933-жылы дүйнө жүзү боюнча эң узак жашоочу катары саналган Ли Цинъюнь 256 жашында каза болгон

Мындан 84 жыл мурун 1933-жылы 6-майда эң узак жашоочу Ли Цинъюнь 256 жашында каза болгон. Кытай тарыхый булактарында Ли Цинъюнь 1677-жылы Сычуань провинциясында туулгандыгы айтылып келет. Бирок өзү 1736-жылы туулганын билдирген. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн тоолордо өткөрүп, дарылык касиети бар чөптөрдү чогултуп, узак жашоонун сырын изилдеген. 1748-жылы 71 жашында Кайсань шаарчасына көчүп келип, кытай армиясына согуш өнөрлөрүн үйрөтүүчү болуп иштей баштаган.

1927-жылы Ли Цинъюнь Сычуандын губернаторунан чакыруу алып, анын мактоосуна татыктуу болгон. Ошол убакта анын сүрөтү тартылып калган. Экөөнүн жолугушуусунан 6 жыл өткөндөн кийин Ли Цинъюнь көз жумган. Өлөр алдында “Мен бул жашоодо колумдан келген нерсенин баарын аткардым. Эми үйүмө кетип жатам” дегени уламыш катары айтылып келет. Ал көз жумгандан кийин аймактын генералы Ян Сэнь Линин жашоосунун сырын жазып чыккан. 1933-жылы анын туугандарынан интервью алышканда, көпчүлүгү аны картаң бойдон эле көргөнүн айтышкан.
6-майга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ilgizk
2017-05-06 16:04:05
,256 жаш охууу
+4
Mika8484
2017-05-06 17:35:15
тырмактарын алчу эмес ко
0
gulia90
2017-05-06 17:56:42
Тырмак алса не болот экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан