2016-жылы Кыргызга 4 миллиондой турист келип, өлкөнүн кирешеси 400 миллион доллар болгонун бүгүн, 6-майда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова туристтик сезондун ачылышындагы "Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition-2017" жарманкесинде билдирди.
Анын айтымында, Өкмөттүн негизги тапшырмасы ажайып тоолуу Кыргызды Борбор Азияда аймактык туризмдин борборуна айландыруу. Максатка жетүү үчүн Өкмөт тарабынан туризм тармагына чет элдик инвесторлорду тартуу, маркетинг тармагындагы иш чараларды өткөрүү, фестивалдарды, жарманкелерди уюштуруу жана өлкөдө туруктуулукту сактап, республикага келген ар бир туристтин коопсуздугун камсыз кылуу чаралары каралгандыгын билдирген.
"2016-жылы туризм тармагындагы инвестициянын негизги капиталы 15 миллиард сомду түзгөн. Туризмдеги жеке соода айлантуунун көлөмү 19 миллиард сомго жетти. Туристтерден түшкөн киреше 400 миллион доллардан ашты. Жыл сайын туристтердин агымы артып, 2016-жылы Кыргызга 4 миллион турист келген", - деген вице-премьер-министр.