Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев Жеңиш майрамына карата Кыргыз президентине куттуктоо телеграммасын жөнөтүштү

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 72 жылдыгына байланыштуу Кыргыз элин жана президент Алмазбек Атамбаевди куттукташты.

"Кан майданда каармандыгы жана ооруктагы кажыбас эмгеги менен Мекендин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп калгандардын эстелигин түбөлүк сактайбыз. Биздин ата-бабалар осуят кылып калтырган бир тууган достук жана өз ара жардамдашуу салттары мындан ары да орус-кыргыз биримдигине жана стратегиялык өнөктөштүгүнө кызмат кылат деп ишенем", - деп айтылат Владимир Путиндин катында.

Ал эми Нурсултан Назарбаевдин телеграммасында: "Бул күнү согуш талааларында жана эмгек майданында жеӊишке жол салгандарды эскеребиз. Биз ардагерлерибиздин алдында таазим этебиз, тилекке каршы, алардын катары жыл сайын улам азайып баратат. Аларга ар тараптан камкордук көрүү - баарыбыздын парзыбыз. Улуу Жеӊиш күнү өз урпактарынын жаркын келечегин ийин тирешип сактап калган биздин элдердин каармандыгы менен биримдигинин символу катары түбөлүк сакталат", - деп белгиленет.

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Президентине бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Кыргыз элине тынчтык менен жакшылыктарды каалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tatynam_88
2017-05-06 18:39:35
Ашага ушундай куттуктоолор келип турса болду.элдин маселеси баш оорутпайт.кайра балекет каптаса элдин озу куноолуу.мумкун зилзалага да эл куноолуудур
+5
Medina87
2017-05-06 21:50:31
Т.б.; Куттуктоолор орундуу....
+1
Gena1
2017-05-07 14:11:42
Канткен учурда дагы дуйнонун улгулуу мамлекеттеринен деп эсептелген кошуна мамлекеттер жакшылык кундо мамлекет катары тенине алып, куттуктоо жонотуптур буга да шугур. Элибизде тынчылык, бакубатчылык жана ар дайым жениш кыргыз элибиз тарапта боло берсин. Майрамынар менен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан