Австриялык атактуу психиатр жана врач Зигмунд Фрейд туулган. Зигмунд Фрейд XX кылымдагы психологдор арасында өзгөчө орунду ээлейт. Анын психологиялык, социологиялык көз карашы искусство, социология, этнография жана психиатрия илимдерине олуттуу таасир тийгизген.1938-жылы Австрияга кирген улутчулдар анын паспортун, менчигин жана китепканасын тартып алып, туткундашкан. Эл аралык психоаналитика коому Фрейдди алып чыгууга аракет кылган, бирок улутчулдар ал үчүн акча сурашкан. Анын бейтабы канбийке Мария Бонапарт 100 миң шиллинг төлөгөн. Фрейддин үй-бүлөсү Лондонго көчкөн. Ал эми анын 4 бир тууганы газ камераларында каза болушкан.
Зигмунд Фрейд 1939-жылы 23-сентябрда каза болгон.