Смартфондорду чыгаруучулардын баары көлөмү чоң смартфондорду чыгарып жатышса, айрымдары кичинекейлерин чыгарышууда. Сөз Jelly смартфону тууралуу болууда.
Ал дүйнөдөгү эң кичинекей смартфон. Анын көлөмү болгону 92,3х43х13,3 миллиметр. Ал Android 7 операциондук системинде иштейт, 1,1 гигагерц жыштыгында иштеген 4 ядролуу процессорго жана 1 гигабайттык эс тутумга ээ.
Ал эми дисплейи болгону 2,45 дюйм, 432 х 240 пикселдүү. Смартфондо GPS-модуль жана 2-мегапикселдик маңдайкы жана 8-мегапикселдик негизги камерасы бар. Мындай камералар менен начар эмес сапатта сүрөт тартса болот. Аккумулятору литий-иондук, сыйымдуулугу саатына 950 миллиампер.
Бул смартфон 2017-жылдын август айында сатыкка чыгат. Анын баасы болгону 109 доллар болот.