Бишкекте "Дүйнө балдардын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүүдө (фото)

Бишкектеги соода, оюн-зоок борборлорунун биринде "Дүйнө балдардын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Анда эмгектери бир нече чет мамлекеттеги көргөзмөлөргө коюлган сүрөтчү, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Аваз Апиевдин, мектеп-интернаттын окуучуларынын жана фотографтардын тарткан эмгектери коюлган. Көргөзмөнүн уюштуруучусу Хабибулла Арзыкуловдун айтымында, түшкөн каражат балдар үйлөрүнө жумшалат.

"Буга чейин мектеп-интернаттын окуучулары арасында "Дүйнө силердин көзүңөр менен" деген сынак өткөргөнбүз. Бул жерге ага катышкан балдардын эң мыкты сүрөттөрүн алып келдик. Көргөзмө 9-майга чейин уланат, ага 80 сүрөт коюлган", - деди ал.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана "Ак кеме" повестиндеги каармандардын элеси түшүрүлгөн сүрөт көргөзмөгө келген коноктордун көңүлүн бурду. Анын автору Аваз Апиев эмгеги тууралуу:

"Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жетимчиликти башынан өткөргөн. Маалыматтарга караганда, ал өз атасынын каза болгонун билбей 20 жыл жүргөн экен. Анын элесинин жанына "Ак кеме" повестинин каармандарын тартканым ушуга байланыштуу. Чыгармада кичинекей баланын аты айтылбайт. Ошондуктан баланын бетин ары каратып, ал жакшы нерседен үмүт кылып күтүп жаткандай маанини бердим".

Ал эми көргөзмөдө эмгеги коюлган 14 жаштагы окуучу Айзирек Караева:

"Бул сүрөттө мен Кыргыз мамлекетиндеги кооз жерлерди, өнүгүү жолундагы мекенимде ата-энем менен басып баратканымды тарткам. Өлкөбүздүн кооздугун көптөр жүрөктөрүн ачып көрө элек, баркын билбейт, тазалыкты сактабагандар дагы көп. Мындан улам мекенибизди барктоого, көздүн карегиндей сактоого чакырып мен бул эмгегимди "Кыргыз өлкөсүнүн кереметтери" деп атап койдум".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан