Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгына карата борбордогу "Жеңиш" аянтында 6-майда эскерүү иш-чарасы өттү. Ага согуштун жана ооруктун ардагерлери, аймактык чыр-чатактардын катышуучулары, Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү, шаар тургундары катышышты. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Өчпөс отко гүлчамбар коюлгандан кийин өлкөнүн биринчи Коргоо министри генерал-полковник Мырзакан Субанов сөз сүйлөп катышуучуларды Жеңиш майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө ардагерлердин эрдиктери унутулгус экенин белгилеп өттү. Ошондой эле ардагерлерден үлгү алып жаштардын аскердик-патриоттук тарбиясын бекемдөө зарылдыгын кошумчалады. Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.